Кыргызстан ЕАЭБден эмне таап, эмне жоготту? Нефть деген эмне


ГМО ЭМНЕ ЭКЕНИН БИЛИП АЛЫҢЫЗ

Базарларда же соода түйүндөрүндө көз жоосун алып мөлтүрөгөн, бир кылка тегиз бышкан жер-жемиш, жашылчаларды, көпкө сакталуучу эт-сүт азыктарын албетте, көргөнсүз. Бул азыктардын «керемет» сыры эмнеде?

ГМО ДЕГЕН ЭМНЕ?ГМО (Генетически модифицированный организм) – англис тилинен которгондо (genetically modified organism) – гени өзгөртүлгөн организм (көбүнчө азык-түлүк катары колдонулган организмдер, өсүмдүктөр, жер-жемиштер). Гендик модифицирленген (өзгөртүлгөн) организмдер ГМО гендик инженерия адистери тарабынан жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн организмдери менен гендик-модифицерленген микроорганизмдерди бириктирет. Жалпак тил менен айтканда, бир гендин кодуна экинчи генди кошуу дегенди билдирет. Мисалы, картошка генине чаяндын генин кошуунун натыйжасында эч бир жандык жебей турган картошканын жаңы түрүн алышкан. ГМО күнүмдүк колдонулуучу жер-жемиштерде: алма, алмурут, картошка, буурчак, күрүч, ашкабак, жүгөрү, сүттөн жасалган азыктарда, кондитердик жана эт азыктарында кездешет.

ГМОнун тарыхы

  • 1944-жылы Эвери, Мак-Леод жана Маккарти аттуу окумуштуулар ДНКнын (дезоксирибонуклеин кычкылы) «мурас сактоочу» экенин аныкташкан.

  • 1978-жылы «Genentech» фирмасы бактериалдык клетканын жана адам генинин катышында инсулин иштеп чыгышкан.

  • 1980-жылы АКШ гендик өзгөртүлгөн организмдерди патенттөө боюнча мыйзам кабыл алган.

  • 1982-жылы АКШда биринчи жолу организмдерге трансгендик аргындаштыруу жүргүзүшкөн.

  • АКШ 1994-жылы помидордун FlavrSavr сортун өндүрүүсү менен башталган. Бул помидорлорду +14-16 градуста үй шартында жарым жыл сактоого мүмкүн болгон.

ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮНҮН ТЕРС ЖАКТАРЫ:

  • Онкологиялык оорулардын көбөйүшү

  • Зат алмашуу бузулуп, иммунитеттин төмөндөшү (көбүнчө жаш балдарда)

  • Бойдун өспөй калуусу

  • Тукумсуздук

  • Төрөлгөн балдардын физикалык жактан алсыз, акылы кем болуусу

ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮНҮН ОҢ ЖАКТАРЫ:

  • Түшүмү жогору болот

  • Өсүмдүк тез жетилет

  • Аба ырайынын туруксуздугуна чыдамдуу келет

  • Курт-кумурскалардын, зыяндуу заттардын таасири анчейин тийбейт

КЫРГЫЗСТАНДА ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮ КОЛДОНУЛАБЫ?Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык департаментинин маалыматы боюнча, ГМО өндүрүмдөргө тыюу салган мыйзам долбоору даярдалып, бирок иш жүзүнө аша элек. Казакстан, Орусия сыяктуу эле биздин өлкөдө да 0,9 пайыз ГМО кошулган азыктарды сатыкка чыгарууга уруксат берилген. Бирок азыктын курамында ГМО колдонулганы милдеттүү түрдө жазылышы керек. Кыргызстандагы соода түйүндөрүндө жана базарларында сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн ичинен колбаса, сосиска, сарделька, жүгөрү таякчаларынын, картошкадан жасалуучу чипсыларда курамында генетикалык жактан өзгөртүлгөн азыктар колдонулгандыгы аныкталган. Мындан тышкары Кытайдан алынып келинген тамак-ашка кошулуучу жыпар жыттуу кошулмалар жана Америкадан келүүчү тоок эттери да генетикалык жактан өзгөртүлгөн азык-түлүк болуп эсептелет.

ГМО ЭМНЕ МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙТ?Генетикалык өзгөрүштөр илимий жана чарбачылык максатта жасалат. Окумуштуулардын билдирүүсүндө, гендик инженерия дүйнө калкын ачарчылыктан сактоо үчүн жана климаты начар аймактарда азык-түлүк өсүмдүктөрүн мол өндүрүүнү максат кылат. Ошону менен бирге айыл чарбасында жер семирткичтерди, сууну аз колдонууну шарттайт. Ошол себептен дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө азык-түлүктү арбын өндүрүү үчүн гендик-модифицерленген организмдерди пайдаланышат. Мунун натыйжасында генетикалык жактан өзгөртүлгөн өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү табигый өсүмдүктөргө салыштырмалуу мол болот жана көпкө сакталгандыгы менен арбын киреше алып келет. ГМО өндүрүмдөрүн өндүрүүчүлөр, «планетадагы адам санынын артышы менен келип чыккан ачарчылыктан ГМО өндүрүмдөрү гана сактап калат» деген пикирде. Ошол эле убакта «табигый жол менен өндүрүлгөн өсүмдүктөр жана жаныбарлар жер шарындагы бардык калкты азык-түлүк менен камсыз кылууга толук жетет» деп билдиришкен айрым окумуштуулар. ГМО өндүрүмдөрүнүн «тукумсуз» экенин да эске алуубуз зарыл. Себеби гени өзгөртүлгөн жандык же өсүмдүк тукум улоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. ГМО өндүрүмдөрүн өндүргөн жана колдонгон өлкөлөрдүн алдыңкы сабына АКШ (68%), Аргентина (11,8%), Канада (6%), Кытай (3%) кирет жана бул өндүрүш жылдан жылга эселеп көбөйүүдө.

ГМОНУН ИЛИМДЕ КОЛДОНУЛУШУАзыркы учурда гендик өзгөртүлгөн организмдерди илимде рак, Альцгеймер (алжып калуу) оорусу, нерв ооруларын, майып мүчөлөрдү калыбына келтирүүдө жана картаюуну изилдөөдө, ошондой эле медицина жана биология тармагындагы учурдагы актуалдуу маселелерди иликтөөдө колдонулат.

АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КУРАМЫНДА ГМО БАР ЭКЕНИН КАНТИП БИЛЕБИЗ?Негизинен тамак-аштын курамында ГМО бар экенин лабораториялык жол менен толук билүүгө мүмкүн. Антсе да айрым азыктардын этикеткасындагы белгилеринен да айырмалоого болот. Нукура азыктарда өзүнө тиешелүү жыты, даамы болот. Ал эми ГМО жолу менен өндүрүлгөн азыктар табигый азыктардан айырмаланып сырткы көрүнүшү көзгө толумду көрүнүп, курту, жыты жок, бадырайган азык-түлүк, жашылча-жемиштер болот.

Чыңгызхан Кожошов[email protected]

www.super.kg

Кыргызстан ЕАЭБден эмне таап, эмне жоготту?

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин анын пайда-зыяны талкуудан түшпөй келүүдө. Бул уюмга кирүүгө каршы чыккандар уюмга кирүүдө экономикалык пайдасына караганда, саясий жагы маанилүү болду деп сынга алган. Ѳкмөт бул абдан манилүү, зарыл кадам болгонун айтып келүүдө.

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова менен кабарчыбыз Абдыбек Казиев мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановду талкууга чакырып, экономикалык биримдиктин күңгөй-тескейи тууралуу маектешти.

Би-Би-Си: Кыргызстан 1998-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө. Эмне үчүн дүйнөлүк маанидеги уюмда туруп, саналуу мамлекеттер мүчө болгон бирикмеге кирүү зарыл болду деген суроо көп коюлуп келүүдө. Буга сиздерде пикир кандай?

Т. Сариев: Биринчиден биз дүйнөлүк соода уюмунда турабыз, чыккан жокпуз жана чыкпайбыз. Дүйнөлүк соода уюму Евразия экономикалык биримдикке кирүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпайт, тескерисинче бизге дагы кошумча мүмкүнчүлүк ачылып жатат.

Би-Би-Си: Мунай продукциясы баштаган эң көп керектелген товарлар Орусия, Казакстандан ташылат. ЕАЭБке мүчө болгондон кийин алар ошол эле көлөмдө, бирок арзан баада келип жатат деген пикир айтылып жатпайбы?

Ө. Абдрахманов: Орусиядан товар алып жатабыз деп Бажы биримдигине киргендер негизинен ушуну эле айтат. Товар алган киши утпайт, саткан киши утат. Орусия мунай продуктуларын, темирин же болбосо токойун сатканга мажбур. Ошон үчүн бул туура эмес түшүнүк. Маселе башкача коюлушу керек эле, биримдикке киргенден кийин биз алар ошолор менен тең ат салыша алабызбы же жокпу? Алардын бизге караганда көп артыкчылыгы бар, нефть продуктулары, газга бай, ошонун акчасына көп нерселерди жасап алса болот. Казакстан деле ошондой, ал эми бизде андай чоң байлыктар жок. Биз бир аз либералдык экономика менен жашап жаткан мамлекетпиз. Ошол үчүн аларга кошулгандан кийин алардын негизги мыйзамдарын аткарганга мажбур болобуз. Демек, биздеги өнүгүү мыйзамы менен алардыкы эки башка, таптакыр туура келбейт. Биримдикке биз кирбей эле койсок жакшы болмок. Бирок эми мынча кирип калгандан кийин таптакыр башка экономикалык саясатты башташыбыз керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок.

Би-Би-Си: ЕАЭБке мүчө болгон мамлекеттер арасында Кыргызстандын экономикасы өнөктөш мамлекеттерге караганда алсыз экендиги белгилүү. Андай шартта биздин экономикабыз кайсы жагына басым жасашы керек эле.

Т. Сариев: Эгерде биздин экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү карап көрсөк, бүгүнкү күндө алтынды кошкондо 50% Орусия, Казакстанга кетет. Эгерде алтынды алып салсак, анда 70% бизде өндүрүлгөн продукциянын баары Орусия менен Казакстанга кетет. Азыр Өмүрбек Абдрахманов айтып жаткан биздин базарыбыз ошол жерде, Кытайга алып барып сата албайбыз. Ошол эле кайра иштетилген тамак-ашты алып барып Европага сата албайбыз. Экинчиден, биз алып жаткан бизге эң керектүү болгон нефти продуктуларын Кытайдан, Ирандан, Өзбекстандан албайбыз, биз негизинен Орусия менен Казакстандан алабыз. Дээрлик 98% Орусиядан келет. Эгер алар экспорттук пошлина коюп койсо, кымбат болуп калат. Тарифтерди жогору кылып койсо, анда дагы биздин чөнтөгүбүзгө зыяны тийет. Ошондуктан бул сыяктуу нерселерди айтканда, муну да биз билишибиз керек. Албетте, биз башкача саясат жүргүзүшүбүз керек, анткени интеграциялык биримдикке кирген бул ошол биримдикке кирген мамлекеттердин ички өндүрүшүн коргоо саясаты.

Image caption Евразия экономикалык биримдиги

Би-Би-Си: Сиз өзүңүз өлкөдө премьер-министр болуп иштеп жүрдүңүз, сиз азыр өлкөдөгү сатып алуу же сатыкка чыгаруу жөнүндө айтып жатасыз. Эмне үчүн ушунча жылдан бери Кыргызстанда өзүнүн өндүрүшүн бутуна тургуза алган жок?

Т.Сариев: Айрымдар ушул ЕАЭБ жөнүндө айтып жатканда, мына биздин "Дордойубуз" туруп калды дейт. Тескерисинче, мен экономика министри болуп турганда парламентте ошондо эле айтчумун, интеграциялык биримдикке кирсек өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзүлөт, анткени биз өндүрүлгөн продукцияны сатканга базарлар ачылат деп. Убагында "Дордой" базарыбыз бар деп, ошону чоң жетишкендик катары айтып жүрүштү. А чынында биз өндүрүшкө өтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө тилекке каршы айыл-чарбасында кичинекей гана чарбалар бар, алардын көлөмү жок, анткени сата турган базар жок. Кайда алып барып сатат? Мына ошол базар азыр ачылып жатат. Экинчиден, өндүрүшкө шарт түзүлгөн эмес. Мен премьер болуп турганда биз сатуу салыгын алып салдык, мурун 2% болгон. Андан тышкары өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган ушул сыяктуу бир топ жеңилдиктерди киргизе баштаганбыз.

Би-Би-Си: Ошол кезде сиз мага айттыңыз эле, азыр биз ушул биримдикке кирүүгө такыр даяр эмеспиз деп, бирок ошол жолугушуудан кийин бир-эки ай өтпөй эле өлкө ошол биримдикке даяр эмес болсо дагы өтүп алды. Эми өтүп алгандан кийинки сиз айтып жаткан өндүрүштү тургузуу боюнча кандай чаралар көрүлгөн?

Т.Сариев: Эгер күтө берсек, даярдыгыбыз бүгүнкү күндө деле жок болмок, бизде мүмкүнчүлүк ченелүү болчу. 200млн. доллар алдык, ошол акча менен өзүбүздүн лабораторияларды, бажы, чек ара пунктарынын баарын тең бүгүнкү талапка ылайыкташтыра баштадык. Экинчиден, Кыргыз-Орусия фондунан 500млн.доллар алдык. Айтылган сумма жүз пайыз өндүрүшкө кетип жатат. Үчүнчүдөн, бажы көзөмөлдөр алынды. Албетте, бул жерде кыйынчылык бар, ветеринардык көзөмөл кичине кечигип жатат.

Би-Би-Си: Өмүрбек Абдрахманов, учурунда сиздер бул экономикалык так негиздемеси жок саясий чечим менен негизделген долбоор. Кыргызстан даярдыгы жок кирип жатат деп сындап, нааразычылык акциясын да өткөрдүңүздөр эле. Ага кандай конкреттүү фактыларды айтат элеңиз?

Ѳ. Абдрахманов: Биз биримдикке киргенден кийин, өзүбүздүн эмне артыкчылыгыбыз менен жеңишке жетишебиз деген суроо коюлуш керек эле. Казакстанда досторум алма айдашты, 120 миң доллар грант бериптир насыядан сырткары. Өзбекстанда 72 миң гектар жерге Европадагыдай ыкма менен үстү жабылган алманы тигишиптир, а бизде эч кандай жардам жок. Орусиядан келди деп айтылып жаткан акча Кыргызстандын көйгөйүн чечпейт. Ошол үчүн биз киргенден кийин өзүбүз либералдык экономикалык саясатты киргизип, инвесторлор келе турган шарт түзсөк болмок. Азыр бир дагы инвестор келбейт, инвестор эмес биздин ушул жердеги олигархтар акчасын салбай жатат. Анткени баардык жерде коррупция. 25 гектар жер алып, eвропалык типтеги интенсивдүү бак тигейин деп, долбоор менен иштеп жатам, Орусиядан трактор алдым "Уралец" деген үлгүдө. Орусия өзү бир трактор чыгара албайт экен "Уралец" 99% Кытайдыкы экен. Орусиядан бизге технология, дагы башкасы дагы келиши мүмкүн эмес. Алар бизди өзүнүн товарларын сатканга гана территория кылып, саясий чечимди кабыл алышкан.

Би-Би-Cи: Темир мырза, сиз жогоруда айтып калдыӊыз Орусия-Казакстан базары бизге ачылды деп, бирок ошол эле учурда ал жактын ишкерлерине биздин рынок ачылып, ата мекендик өндүрүшчүлөргө кыйын абал түзүлүп калды деп жатышат. Бул абал дагы канча убакытка созулушу мүмкүн?

Т.Сариев: Көптөрү туура эмес түшүнүп жатат. Бул эми атаандаштык. Биз EАЭБке кирсек эле, башка өлкөлөргө кете турган товарлардын жолун койдук деп жатабыз. Биз азыр каалаган жерлерге сата алабыз, бирок эмне сатабыз, кантип, канча көлөмдө сатабыз бул башка маселе. Жаңы технологияларды алып келип, жаңы багыттарды ачыш керек. Экинчиси, либералдык мыйзам боюнча, мына кошумча наркка салык Белоруссияда 20 пайыз, Казакстанда 12 пайыз, Россия Федерациясында 18 пайыз, бизде 12 пайыз. Кирешеге болгон салык боюнча Белоруссияда 24 пайыз, Казакстанда 20 пайыз, Орусияда 24 пайыз, бизде 10 пайыз. Мына, бизде эӊ либералдык мыйзамдар бар. Биринчиден, мыйзамдарды толук аткаруу маданиятын билишибиз керек.

Би-Би-Си: Так сандарга токтолуп өтөлүчү. Улуттук статистика комитети дагы маалымат берди, экспорттун көлөмү азайып, импорт өскөнүн тактап берип жатышат. Бул тенденция эми кандай болот, эмне болуп өзгөрөт, Кыргызстан жалаӊ эле ушул импортко көз каранды болуп отуруп калабы?

Т. Сариев: Эгерде биз бажы биримдигине кирбесек, импорттун көлөмү мындан дагы өсмөк, анткени экинчиси импорттун өсүшү, экспорттун азайышы акыркы убактардагы Казакстанда жана Орусияда болуп кеткен рубльдун жана тенгенин девальвациясына дагы туш келип калды да.

Би-Би-Си:Кокус ушундай болуп кетсе, кайсы бир рычагды колдонобуз деген механизм каралды беле?

Т.Сариев: Каралган, базалык, оптимисттик жана эӊ ылдый пессимисттик сценарийди иштеп чыкканбыз. Эки-үч жылдын ичинде базалык сценарий 1-1,5 пайыздан 2-2,5 пайызга өсүш керек болчу. Бирок 2016-жылы 3,5 пайыз өсүш болду. Эми дүйнөлүк конъюнктура дагы бир аз өзгөрдү. Баанын ылдый түшүп кетиши дагы өзүнүн кесепетин берип жатат. Негизинен соода азайганы, нефть менен темирдин, жыгачтын баасы түшүп кеткенине байланыштуу. Физикалык көлөм азайган жок.

Ө.Абдрахманов: Бир эле мисалды айткым келет, Темир Сариев экономика министри болуп турганда «Газпромго» монополдук мүмкүнчүлүк берип коюшту, калганын дагы бир орусиялык «Росснефтке» берип койду. Азыр алар каалаган баасын коёт. Бир-эки спорт залын салып берип койсо, ошого сүйүнүп жүрүшөт. Эч качан мамлекет сырттан келген нерсесин бир мамлекетке монополия кылып бербеш керек. Мындан кийин дагы экспортко чыгара албайбыз. Темир Сариев туура айтат, бизде чыгара турган бир гана мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал болсо айыл-чарбасы. Эгер биз либералдуу экономиканын негиздерин түзсөк, ошондо келип жанагы бренддер заводдорун ачуу керек. Бирок бизге азыркы шарт менен бир дагы адам келбейт. Ошондуктан мындан кийин дагы кыйынчылык боло баштайт. Бажы биримдигинде өздөрүнүн арасында мушташ болуп жатат. Мына, Орусия менен Белоруссиянын жаңжалы күчөдү. Бул биримдиктин келечеги жок. Бир эле суроо, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болсок, эмне үчүн биздин товарларды өткөргөн эмес? Ушул суроону мен парламенте турганда да бергем. Орусияда банан барбы? Темир Аргенбаевич! Казакстанда банан сатылабы?-дегем. Жообу «сатылат толтура» деп айтылган. Анда эмне үчүн биздин алма сатылбайт? Себеби алар атайын тосуп, саясат үчүн бизди зордоп туруп киргизди бул биримдикке.

Т.Сариев: Алманын жакшы сортторун өндүрсөңүз, чоң көлөм болсо, аны сатканга мүмкүнчүлүк болот. Логистикалык борборлор түзүлүп, ошолор Орусиянын, Казакстандын ири дүкөндөрү менен келишимдери бар. Бирок бул жерде тийиштүү көлөм, талапка жооп бере турган сапат жок болуп жатат. Бирок булардын баары чечилет. Кээ бир учурларда либералдуу экономиканы тутунуп жүргөндөр өздөрүнүн сөзүнө кайра каршы чыгып жатпайбы. Мына азыр эле, Ѳмүрбек Абдракманов айтты, «Эмне үчүн «Газпромго» берип койдуңар? Эртең чоң бренд келсе, ошонун продукциясын биз өндүрүп сатат элек» дейт. «Газпром» дагы дүйнөлүк компания.

Ө.Абдрахманов: Моноплия, монополия да…

Т.Сариев: Алар бул жерге келип газды үзгүлтүксүз берип жатат. Мурун биз 240 доллардан алганбыз, бүгүн 160 доллардан алып жатабыз. Реалдуу чындык ушунда.

Би-Би-Си: Эгерде эртең ЕАЭБ боюнча күтүлгөндөй жыйынтыктар болбой калса, жоопкерчиликти ким алат? Айталы, экспорт азайып, импорт көбөйүп кете бере турган болсо.

Т.Сариев: Албетте, жоопкерчиликти бүгүн иштеп жаткан өкмөт алат. Анткени ал жерде бардык шарттар түзүлгөн. Эгерде биз кирбей койгондо, бүгүнкү акыбалбыз мындан да кыйын болмок. Ушуну эстен чыгарбашыбыз керек. Орусияга биз жер-жемиштердин 36 пайызын, пахтанын 64 пайызын, айнектин 42 пайызын, чыгарылган электромашина жана апараттардын 29 пайызын, радиатордун 35 пайызын жөнөтөбүз. Казакстанга болсо, электр энергиянын 100 пайызын, сүт азыктарынын 83, жашылча-жемиштин 45, эттин 73, кийим тигүүнүн 96 пайызын. Мына, биздин өндүрүштүн эң чоң рыногу ошол жерде. Биз ошол рынокут ачтык да.

Би-Би-Си: 2014-жылы үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга 106 миң автоунаа кирген экен. 2015-жылы 2 миң айланасында, 2016-жылы 200 ашуун болуптур. Кыргызстандын сырткы соода байланыштары солгундады дегенге макулсузбу?

Т.Сариев: Жок, андай эмес. Анткени 2014-жылы биз Бажы биримдигине киргенде, автоунаалар боюнча жогорулатылган пошлина коюлмак да, өзгөчө эски автоунааларга. Ошондо көпчүлүк сырттан алып келип, кийин Орусия, Казакстанга кымбат сатабыз деп, ошондон алып келген. Жылына Кыргызстанга орточо эсеп менен 30-33 миңдин тегерегинде эле автоунаа келчү. Бирок азыр ал кыскарды, себеби эки жылдык нормабызды алып келип, базардын баары унаага толуп калган. Оорчулуктар бар, аны эч ким жашырбайт. Сын айткан, акыл үйрөткөн кишилер көбөйдү. Терең түшүнбөй туруп эле, оңой эле кылып коюш керек дешет. ЕАЭБ киргенден кийин мигранттарга жакшы шарт түзүлдү, тигүүчүлөргө шарт түзүлдү. Сүт-эт азыктарынын маселеси кыйын болуп турат. Буларды сыртка чыгарыш керек.

Ө.Абдрахманов: ЕАЭБ киргенден кийин анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланышыбыз керек эле. Бирок азыркы шарт менен биз пайдалана албай жатабыз. Бириккен Араб Эмираттарын мисал катары айтайын, мен бизнести ушул өлкөдөн баштагам. Суусу жок, абдан ысык, бирок дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекет. Сингапур деле ушул сыяктуу. Биз ошолордун мисалын алып, ЕАЭБ ичинде ушул өлкөлөрдөй болуп кетсек гана келечегибиз болмок. Ал эми завод курабыз, аны курабыз, муну курабыз дегенибиз менен, Орусиянын инжинерлери, Казакстандын көп акчасы менен эч качан алдыга өтө албайбыз.

www.bbc.com

Индиялыктар “аялың эмне кылат?” деген суроодон уялат

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

Көп жыл мурда Би-Би-Синин тапшырмасы менен сапарга чыккамын. Кечки поездге олтуруп, орундугумду даярдап жаткан элем. Бет маңдайымдагы эркек киши менин чоо-жайымды, жерлигимди, эмне жумуш кылаарымды сурап келип, “күйөөң кайсыл жерде иштейт?” – деген собол таштады.

Мен ага үй-бүлөм тууралуу эч нерсе айткан эмес элем. Андыктан, менин журналист экениме көңүл бурбай туруп, менин жолдошумдун кызматына кызыккан бул кишинин суроосуна териктим.

Индиядагы патриархалдык коомдо аялга бирөөнүн кызы, карындашы же аялы катары гана карап, маани беришет. Ал эми күйөөм тууралуу суроо биринчи же акыркы жолу берилип жаткан жок. Менин курбуларым дагы, аларга эң көп берилген суроо алардын күйөөлөрү жөнүндө экенин айтып жүрүшөт.

Андыктан мен Делиде бир катар эркекти токтотуп алып, алардын аялы эмне иш кылаарын сурагым келди. Бул илимий иликтөө эмес, жөн гана кызыгуу десе болор эле.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service Image caption 27 жаштагы Мухаммед Мохсин азырынча үйлөнө электигин айтты.

Эркектердин көбү өздөрүнүн жубайлары тууралуу суроолорго такалбай жооп берип жатканы мени таңыркатты. Сөзгө тарткан дээрлик ар бир эркек мындай суроону аларга биринчи жолу берип жатышканын мойнуна алышты. Алар өздөрүнүн аялдары тууралуу сылык-сыпаа жана урмат менен айтып беришти.

“Эч ким сураган эмес”

27 жаштагы Мухаммед Мохсин азырынча үйлөнө электигин айтты. Ал мындай суроону эч кимден укпаганын баса белгилөөдө. “Бул суроо мени бир чети ачуулантты, экинчиден уялып жатам” – деди ал.

Мохсин алгач өзүнүн бизнесин бутуна тургузуп, андан соң гана үйлөнүү тууралуу ойлоноорун айткан.

“Балдарды, уйларды жана торпокторду карайт”

Моторлуу рикша Сандип Ядав аялынын үй оокатын кылып, жер иштетээрин жана мал карай турганын айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service Image caption Сандип Ядав аялынын үй оокатын кылып, жер иштетээрин жана мал карай турганын айтууда.

53 жаштагы Ядав Уттар-Прадеш штатындагы айылдан келген. Ал Делиде сегиз жылдан бери ар-түрдүү жумуштарда иштейт.

“Менин аялым айылда жашайт, төрт баланы багат. Андан тышкары үч уй, бука жана торпокторду карайт. Мындай суроо бергениңизге ачууланбайм деле. Эч кандай маселе жок. Сиз сурадыңыз, мен жооп бердим”, - деди ал.

“Аялым жок!”

28 жаштагы Манодж Сингх Ратхор үйлөнүүгө азыр али эрте экенин айтты. “Менин ата-энем ар дайым качан үйлөнөсүң деп сурашат. Мен аларга үй-бүлө курууга даяр болгондо гана үйлөнөөрүмдү айтып келем”, - дейт.

Ал эми эркектер аялдардан “күйөөңүз эмне иш кылат?” – деп сураганын Манодж алардын жөн гана тамашакөй экенинен жана адамдар менен таанышууну каалаганынан деп түшүнөт.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service Image caption Манодж Сингх Ратхор үйлөнүүгө азыр али эрте дейт

“Адамдар аял кишинин эрге тийишин каалашат”

Яглиш Сингх Кайра мындай суроолорго теригүүгө негиз жок деп эсептейт. Анын аялы - колледждин студенти. Яглишке “бойдоксуңбу?” деген суроолор көп берилет. Бирок “аялың эмне иш кылат? – деген суроону буга чейин уккан эмес.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service Image caption Яглиш Сингх Кайра

“Аялдардан күйөөсү тууралуу сурашканын себеби – коомдук пикири боюнча аял сөзсүз түрдө эрге тийиши керек, Индиялыктар жалгыз бой аялды эч качан кабыл албайт”, - дейт Яглиш.

“Намыска тиет”

30 жаштагы Анубхав Радж – инженер. Ал бойдок.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service Image caption 30 жаштагы Анубхав Радж – инженер

“Неге мага мындай суроо берип жатасыз?”, - деп ачууланды ал. Мен эмнеге бул темага кайрылып жатканымды айтып бергенимде: “Адегенде, чыны менен эле жиним келди. Анан ойлоп көрсөм, анча деле намыска тийген суроо эмес экен”, - деди ал.

“Аялыңызды жактырсаңыз, мындай суроо өөн учурабайт”

Прабху Мишра менин суроомо өзүнүн аялынын дүкөн иштетээрин жана ал жерде өзү ойлоп чыгарган дизайндагы кийимдер сатылаарын айтты.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service Image caption Прабху Мишра аялынын дүкөн иштетээрин жана ал жерде өзү ойлоп чыгарган дизайндагы кийимдер сатылаарын айтты.

“Аялым менен сыймыктанам. Себеби анын иши ийгиликтүү. Карьерасы өнүгүүнүн үстүндө”, - деди.

Прабхунун айтымында, адамдар үй-бүлөлүк жашоосу жакшы болбосо, бактылуу болбосо ал жөнүндө кеп кылууну каалашпайт. Ал эми купулуна толсо, бул тууралуу башкаларга айтып берүүдөн кысынышмак эмес.

“Бул суроо эркектерге ылайыктуу”

Виджай Гоэл менен метродо жанаша олтуруп калдым. Адегенде ал мени менен сүйлөшкүсү келген жок.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service Image caption Виджай Гоэл менен метродо жанаша олтуруп калдым. Адегенде ал мени менен сүйлөшкүсү келген жок.

“Сиз кимсиз? Неге мындай суроо берип жатасыз? Менин жеке турмушум менен сиздин ишиңиз болбосун”, - деди ал.

Бул суроо менен көптөгөн адамдарга кайрылганымды айтып бергенден кийин: “Мындай суроолорду эркектер берсе жарашат”, - деп кыска жооп кайтарды.

www.bbc.com

КЫРГЫЗСТАН – АЛТЫН МЕНЕН ТАЗА СУУНУН МЕКЕНИ же А.Лукашенконун сөзүнө каяша

№392 7-13-май, 2010-ж.

Мезгил үнү

Беларусь президенти "Кыргызстанда колго илинерлик эч нерсе жок" деген сөздү айтып чыкты. Өлкөбүздүн байлыгы тууралуу билип айттыбы же жокпу, ал өзүнчө маселе. Биз Кыргызстандын башка мамлекеттердин арасында мактана ала турган байлыктары жөнүндө сөз кылабыз.

ЛУКАШЕНКО ЭМНЕ ДЕЙТ?Экс-президент Курманбек Бакиевди чакырып алган Беларустун өлкө башчысы Александр Лукашенко: “Бул жакыр жана талкаланган өлкөдө (Кыргызстан) бир нерсе уурдаштын өзү мүмкүн эмес. Эмнени уурдай аласың? Ал жакта колго илинерлик эч нерсе жок. Кимдир бирөө Кыргызстанда болгонбу?”- деп парламентте депутаттар алдында сүйлөгөнүнө баарыбыз күбө болдук. Ушундан улам “өлкөдө колго илинер байлык калган эмеспи?..” деген ой туулат.

КАЙСЫ БАЙЛЫГЫ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ? Таза суу. Суу ресурстары биздин улуттук байлыгыбыз. Ири-майдасы болуп 2000ден ашуун дарыя-өзөндөр бар. Суунун жалпы көлөмүнүн 70 пайызга чукулу коңшу мамлекеттерге агып чыгат. Республикабызда 6500дөн ашуун мөңгүлөр бар. Андагы суу ресурстарынын запасы 750 миллиард метр/кубду түзөт. Гидроэнергетикалык ресурстар.КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Орусия жана Тажикстандан кийинки орунда. Кыргызстанда ГЭСтер бир жылда орточо эсеп менен 20 миллиард киловатт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Азыркы тапта Кыргызстан гидроэнергетикалык ресурстарынын 10 пайызын гана өздөштүргөн. Алтын. Бул кымбат металлдын запасы боюнча биз дүйнөлүк лидерлердин арасында 7-орунда турабыз. КРнын Эмгек сиңирген геологу Кубат Осмонбетовдун айтымында, мамлекеттин балансында 48 алтын кени бар. Анын запасы болжол менен 1500 тоннаны түзөт. Сурьма. Кыргыз сурьмасы жогорку сапаты менен айырмаланат. Ал 1958-жылы Брюсселде өткөн дүйнөлүк көргөзмөдө дүйнөлүк сурьма металлынын эталону катары таанылган. 1990-жылы 17 миң тонна сурьма чыгарып, Кытай жана Боливиядан кийинки 3-орунга чыкканбыз. Сымап. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда дээрлик ар бир ок жана жардыргычтын курамына Хайдаркендин сымабы кошулган. Көмүр. Өлкөдө 12 көмүр шахтасы жана 5 көмүр ишканасы иштейт. Бирок экономика илимдеринин кандидаты Б.Шамшиевдин айтымында, азыр Кыргызстандын 5 жеринде (Сүлүктү, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя жана Кара-Кече) гана көмүр казып алуу иштери улантылууда. Эң ири көмүр кени Кара-Кечеден бир жыл ичинде 6 миллион тоннага чейин көмүр казып алса болот. Өзгөн бассейниндеги көмүр көп жылуулукту бөлүп чыгаргандыгы менен айырмаланат. Серепчилердин айтымында, Кыргызстандын көмүрүнүн запасы жылына 7 миллион тонна казылып алынса, жүз жылга жетет. Уран. Кара-Балтадагы тоо-кен комбинаты СССРди уран менен 20 пайызга чейин камсыз кылып турган. Ал мезгилде Миң-Куш, Ак-Түз, Кажы-Сай жана Майлы-Сууда өндүрүлчү. Союз учурунда жылына 2,5 миң тонна уран алынып турган. Азыркы тапта Кара-Балта тоо-кен комбинаты уран концентратын кайрадан иштетип чыгууну пландаштырууда.Кремний. Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүч (электр тогун начар өткөрүүчү зат) чыгарган комбинат 1982-1984-жылдары курулган. Учурда “Таш-Көмүр силикон продакшн” Жабык акционердик коому кремний өндүрөт. Бул зат заманбап электроника тармагында, мисалы, уюлдук телефон, компьютер жабдыктары, телевизор, санариптик аппараттарда пайдаланылат. Кремнийге болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Ал эми аны өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө дүйнөдөгү саналуу гана мамлекеттер ээ. Анын ичинде биздин Кыргызстан да бар. Туристтик жайлар. Кыргызстан спорттук туризмге ыңгайлуу. Ошондуктан альпинист-туристтер көп келишет. Мекенибиз учурда экстремалдуу спорт сүйүүчүлөрүн өзүнө тартууда. Эс алуу тармагы боюнча 1-орунда Ысык-Көл турат. Ал бийиктикте жайгашкандыгы жана аянтынын чоңдугу боюнча Титикака көлүнөн (Түштүк Америка) кийинки 2-орунда. Кыргызстандын дээрлик ар бир облусу туристтик борборго айланчу көркөм жайларга бай.Жаңгак токойлору. Чаткал жана Фергана кырка тоолорунда орун алган жаңгак токойлору СССР мезгилинде баалуу токойлордун катарына кирген. Кыргызстанда токойдун жалпы аянты 609,5 миң гектар болсо, анын 70 миң гектарында жаңгак өсөт. Жаңгак уюлу эң баалуу жыгач болуп эсептелет.

Жогоруда аталган кен байлыктардан тышкары Кыргызстанда нефть, жаратылыш газы, алюминий, жез, калай, темир жана башкалар бар экендигин айта кетели. Бул өлкөбүздүн байлыгынын бир уучу гана.

КЫЗЫКТУУ

  • Таза суунун запасы боюнча дүйнөдө 6-орунда турабыз.

  • 2003-жылы Кыргызстанда 22,5 тонна алтын казылып алынып, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия жана Өзбекстандан кийинки 3-орунга чыккан.

  • КМШ өлкөлөрүнүн арасында сурьманы өндүрүү боюнча Кыргызстан монополист болуп эсептелет.

  • Кыргызстан дүйнөдөгү эң көп сымап өндүргөн 5 мамлекеттин катарына (Испания, Кытай, Алжир, Мексика) кирет.

Эльвира Караева [email protected]

«Супердин» сурак бурчу

ЧЫН ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНДА УУРДАГАНГА ЭЧ КАНДАЙ БАЙЛЫК КАЛГАН ЖОКПУ?

Марат, 18 жашта, студент:– Кен байлык калган жок деп айта албайм. Биздин бир кемчилигибиз – кен байлыктарыбызды өзүбүз иштете албаганыбыз. Мисалы, "Кум-Төр" алтын кенин эле алып көрөлү. Канадалыктар канча пайда таап жатышат?!

Бүбүсайна, 52 жашта, жеке ишкер: – Өзүбүздөгү байлыктарды чиновниктер эле курутуп жатат дейт элем. Мисалы, суу да байлык. Аны сыртка жашыруун сатышып, акчасын кымырып алып жатышпайбы. Сымап, сурьма өңдүү кендерибизди иштетсек, өлкөгө канча байлык түшмөк?!

Данияр, 22 жашта, бычмачы:– Уурдаганга байлык жок болсо, анда кыргыз эли ушуга чейин бармагын соруп жашап келдиби?! Эгер байлыгыбыз жок болсо, эгемендүү өлкө да боло албайт болчубуз. Элибизге жете турган байлыгыбыз бар. Болгону, аларды иштетүүнү өзүбүз колго алуубуз керек.

Жумакан, 65 жашта, пенсионер:– Лукашенконун сөзүн угуп кыжырым келди. Муну ага Бакиев айттырып жатат. Убагында кенден да, башкадан да түшкөн кирешени жеп алып, эми Кыргызстанды кедей кылып жаткан Бакиев кыргыз деген атка татыктуу эмес!

Улан, 25 жашта, инженер:– Биздин сыймыктанчу байлыктарыбыздын бири – суу. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, байлыктарыбызды туура колдоно албай жатабыз. Мисалы, суунун көбү сыртка агып чыгат. Ошол эле кезде бизде электр энергиясы кымбат.

Жазгүл, 29 жашта, үй кожойкеси:– Биздин байлык биздин жерибизде, тоолорубузда. Бекеринен "бейиштей жер" деп айтылып калбаса керек. Дүйнөнүн көп эли таза сууга зар болуп турган кезде биздин суулар сыртка агып чыгууда. Биз үнөмдөгөндү үйрөнүшүбүз керек.

Токтокожо, 53 жашта, фермер:– Байлык бар, бирок ченемдүү өлчөмдө. Кен байлыктардын көбү иштетилбей тургандыгына карабастан, кооз жаратылышыбыздын артынан жан сактасак болот.

Бахияна Сатылганова

www.super.kg

КҮЙӨӨМ КЫЗДЫГЫМДАН АЖЫРАТА АЛБАЙ МЕНИ ДА, ӨЗҮН ДА КЫЙНООДО

№253 7-13-сентябрь, 2007-ж.

Эч кимге ооз барып ай­та албаган, бирок, олуттуу жооп­ту та­лап кылган, денсоолук жаа­тын­­да­гы жү­рөк өйү­гөн суроолоруңуз бол­со, биз­­ге кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кыз­мат­керлери жооп беришет.

КҮЙӨӨМ КЫЗДЫГЫМДАН АЖЫРАТА АЛБАЙ МЕНИ ДА, ӨЗҮН ДА КЫЙНООДО

– Биз жакында үйлөнүп, төшөктө 3-4 ирет кошулуп көрдүк. Бирок, ал менден бир топ жоош болгондуктанбы, үстүмө чыкканда эле кайсактап эмне кылаарын билбей кайра түшүп кетет (сыягы "алигимдин" кайда экендигин билбейт окшойт, а мен аеримди көрсөтүп берүүдөн тартынам). Бир аз мурун эле зыңкыйган немеси да жатып калат. Ошентип, экөөбүз тең сыртыбыздан билдирбегенибиз менен ичибизден кыйналуудабыз. Эмне кылсак? Дина, Жалалабат.

– Күйөөңүз сизге "оорутуу жаратып албаймбы?" деп сактанып, кыжаалат болуп, сиз сүрөттөгөндөй абалга туш келүүсү мүмкүн. Андыктан, аны туура түшүнүңүз. Сиздерге айтаар кеңеш, төшөктө тартынуудан арылып, эркин болуңуздар. Фантазияңыздарга жол бериңиздер. Мындай учурда кыз демилгени өз колуна алганы жакшы. Кыз жыныс кынынын оозун атайын интимдик гель же крем (дарыканада сатылат) менен сыйпап, күйөөсүн чалкасынан жаткызып, үстүнө чыгып, "алигисин" акырындап жыныс кынына киргизет. Ушинткенде кыздык оңой алынат.

СЕКС ТАЗДАРГА ДАРЫБЫ?

– "Бат-бат болуп туруучу секс таз эркектер үчүн дары катары эсептелет" дегенди угуп ишене албай жатам. Кантип эле төшөк оюнуна берилген таз эркекке чач чыгып калсын? Же мен жаңылышып жатамбы? Дегеле, секстин чачка кандай тиешеси бар? Алик, Талас.

– Негизи, дамамат болуп туруучу секс чачтын өңүн оңдоп, жалтырак, серпилгич кылат. Бул кан айлануунун жакшырып, чачтын түптөрүнө азыктын жакшы баруусу менен түшүндүрүлөт. Бирок, медицинада "секс түздөн-түз баштагы таздан арылтып, чач чыгарат" деген нерсе жок. Эгер секс таздан арылтса, таздар секс менен алаксып эле чачтарын өстүрүп алышпайт беле?!

ЭРИМ КАРТАЙСАМ ДЕЛЕ ЖАНЫМДЫ КОЙБОЙТ

– Мен 45 жаштамын, күйөөм болсо 49да. Менимче, биздин куракта төшөк оюну токтош керек. Бирок, күйөөм күн сайын төшөккө сүйрөйт, алтургай бир күндө эки ирет барпыратып басып калууга барат. Мен: "Картайганыбызда минткениң туура эмес",- деп уялганымдан урушам. Ал болсо: "Мен мунсуз жашай албайм",- дейт да турат. Кандай чара колдонсом болот? Же меники туура эмеспи? Тома, Бишкек.

– Эркектердин төшөктө активдүүлүгү анын денсоолугунун чыңдыгы менен түшүндүрүлөт. Баяндооңузга караганда, күйөөңүз толук денсоолукта жана сексуалдуу. Ага чындыгында төшөк оюну зарыл. Эгерде анын төшөктөгү активдүүлүгүн чектеп койсо, денсоолугу начарлап кетет. Көпчүлүк эркектер 65-70 жашка чейин аптасына жок дегенде бир ирет төшөк кумарына батууга жөндөмдүү. Андыктан, маселеңизди медициналык жол менен эмес, күйөөңүздү туура түшүнүү жана өз ара сүйлөшүү аркылуу чечиңиз.

КЫРСАМ ЭЛЕ КЫЧЫШАТ....

– Жука чурайымдагы жүн­дөрдү кырсам эле эртеси териси кычыша баштайт. Кычышканы кетеби деп кайра кырсам ого бетер кычышат. Андыктан, жүндөр өсүп, кычышпай калганча чыдашым керек болот. Кыраар алдында атайын гелди жана кыргандан соң сакал алгандан кийин сыйпоочу кремди колдоном. Канткенде кыргандан кийин кычышпай калат? Боло, Бишкек.

– Сакал алгандан кийин колдонулуучу крем одуракай териге (ээкке) колдонуу катары чыгарылгандыктан, сезимтал териге (мисалы, жука чурайга) сыйпаганда албетте, кычыштырууну жаратат. Андыктан, башка крем (антибактериалдык кошулмалары бар) колдонуп көрүңүз.Акырында айтаар нерсе, кыргандан соң кычыштыра берсе, кырып өзүңүздү кыйнап эмне кереги бар? Жөн эле кайчы менен кыркып койсоңуз болбойбу? Ойлонуп көрүңүз.

ТӨРӨТТӨН СОҢ ИЧ САЛАҢДАП КАЛБОО ҮЧҮН НЕ КЫЛУУ КАЖЕТ?

– Кээде кош бойлуу учурда ич абдан чоңоюп, териси чоюлат да, төрөгөндөн кийин ич тартылбай, курсак салаңдаган бойдон калат. Ошондуктан, боюнда барда ич салаңдап кетпеш үчүн эмне кылса болот? Жыкы, Токтогул.

– Балалуу болууну пландап, бирок, бойго болтура элек кезде курсактагы булчуңдарды чыңдоо үчүн фитнес же атайын көнүгүүлөр менен алаксуу керек. Ошондо гана кош бойлуу кезде ич абдан чоңоюп кетпейт жана төрөгөн соң бат калыбына келтирүүгө оңой болот.

ЭМНЕ ҮЧҮН МУЗДАК?

– Менимче, менин жумурткалыгым ооруга кабылган окшойт. Себеби, кармап көрсөм дайыма муздак. Бул эмнеси? Бакы, Сокулук.

– Бул эч кандай оору эмес. Сиздин жумурткалыгыңыз толук жайында. Болгону, жумурткалыктагы температура курсактын температурасына караганда 3-4 градуска төмөн. Бул бел суунун (сперманын) пайда болушу жана сакталышы үчүн керек.

www.super.kg

ЯПОНИЯ: САМУРАЙЛАР КАНТИП САТУУЧУГА АЙЛАНГАН?

Борбору – ТокиоАянты – 378 миң чарчы чакырымга жакынКалкынын саны – 125 миллион кишиден ашуун, 99 пайызын япондор түзөтТили – япон

«Ата-энелер эмгектенип жатышканда балдары жыргал жашоодон башканы билбесе, анда неберелери кайырчы болушат». Япондорго таандык бул накыл кепте бүтүндөй калктын жана аралдын ийгилигинин ачкычы жаткандай туюлат.

ЧӨГӨЛӨГӨН ЯПОНИЯ КАНТИП КӨКӨЛӨГӨН?1945-жыл. Уясынан чыгып келе жаткан күн жергесинин абалы АКШ таштаган эки атомдук бомбадан кийин тозок кейиптенип калган эле. Токиодо имараттардын бири калбай талкаланып, транспорт жүрбөй, заводдор жана ишканалар жабылган болчу. 1964-жыл. Токио Олимпиада оюндарынын борбору катары планетанын төрт бурчунан спортчуларды, конокторду тосуп алган. Бул чоң өзгөрүүлөр орун алган дээрлик 20 жыл профессор-экономист Хироми Арисаванын аты-жөнү менен башталат. Ал 1946-жылы Япониянын экономикасын калыбына келтирүү боюнча план жазып чыккан. Чү дегенде эле өлкөдөгү тыйын-тыпырдын баары кара металлургия тармагына жумшалып, андан чыккан болот шахта, кеме жана имараттарды курууга иштетилет. 1950-1970-жылдарда болот куюу өнөр жайы боюнча Япония дүйнөлүк рынокто башкы саптарга чыгат. 1960-жылдардан тартып япондор үй тиричилик техникасы, аудио жана видеотехника чыгара баштап, дүйнөлүк масштабда бул рыноктун тең жарымын ээлөөгө жетишкен. «Yamaha», «Pioneer», «Panasonic», «Konica», «Nikon», «JVC», «Hitachi», «Canon» – бул электрондук техника чыгарган компаниялардын чети гана. Эң башкы ийгиликти Япония автомобиль чыгаруу тармагында жаратып, дүйнөнүн ар бурчундагы айдоочулар Мазда, Хонда, Тойота, Ниссан, Мицубиси үлгүсүндөгү унааларды тээп эле калышат. 1955-жылы такси кызматы үчүн биринчи жеңил автомашинасын чыгарган «Тойота» компаниясы көп өтпөй Америкада 80 жыл бою лидерликти бербеген «Женерал моторсту» чаңында калтырган. Улуттук продукцияны экспортко чыгарууда Япония баа, сапат жана тейлөө параметрлерин эске алып, дүйнөдөгү эң жогорку сапатка ылайык жасап, атаандаштарын жеңген.Өлкөнүн экономикалык кереметинин жаралуусуна төмөн салыктар менен япондордун жаңы технологияны тез өздөштүргөндүгү себеп. Өкмөт чет жерден даяр продукцияны ташып келүүгө тыюу салган. Бирок Батышта өндүрүлгөн заманбап технологияны алып келген япон компаниялары колдоого алынган. 1949-1979-жылдар аралыгында Япония чет жерден 34 миң лицензия жана патент сатып алып, аларды иштеп чыгып, кийинчерээк продукцияларын бүт дүйнөгө сатууга өтөт. Инженерлер менен техника багытындагы адистердин саны боюнча Япония АКШны эбак артта калтыргандыгы да жөн жеринен эместир. Америкалык оккупациянын реформалары, анын ичинде кредиттер да чоң жардам берген. дагы бир чоң себептердин бирине кененирээк токтололу.

ЯПОНДОР БИР ЖЕРДЕН ГАНА КӨГӨРӨТИштеп чыгаруу өнөр жай тармагынын ар бир төртүнчү кызматкери өмүр бою жалдоо деген принцип менен эмгектенет. Японияда кызматкерге бир ишканадан экинчиге орун которууга болбойт. Иштеп жаткан жеринен кетүүнү чечсе, ал кызматкерди саткынга теңешет. Өмүр бою бир жерде иштөөсү үчүн кызматкердин иш тажрыйбасы жогорулаган сайын маянасы да көтөрүлүп, эс алуу убактысы узартылат. Японияда пенсия да башкача эсептелет. Мисалы, кызматкер 30 жыл иштесе, алып жүргөн айлыгын 30га көбөйтүшөт да, аны бир эле жолу төлөп беришет. Дүйнөлүк же өлкө ичинде орун алган финансылык кризис учурунда япон компаниялары кызматкерлеринин санын кыскартуунун ордуна жетекчиден тартып айлык-акынын көлөмүн кыскартуусу менен да өзгөчөлөнөт.

КАЙДЗЕН ДЕГЕН ЭМНЕ?Япон менеджменти «кайдзен» деген системге негизделген. Анын идеясы – компанияда бир күн дагы жакшыртуусуз өтпөшү керек. Бул тууралуу «Тойота моторстун» төрагасы Эйдзи Тойода: «Япон жумушчуларына кол менен эле эмес, баш менен иштөө мүнөздүү. Биздин кызматкерлер ишти жакшыртуу боюнча жылына 1,5 миллион сунуш киргизет жана анын 95 пайызы ишке ашырылат»,- деп айткан. Мисалы, чет жердик менеджер «жыйынтыкка сыйлык берем, ишин так аткарбаса, айып пул салам» десе, япон башкаруучу «кичинекей жылыштар үчүн сыйлык берем, жазалабайм, кандай жана эмне үчүн экенин айтып үйрөтөм» деп ойлонууга көнгөн.

УСТАТЫНАН АШКАН ШАКИРТСаясий, экономикалык жана башка ондогон тармактар боюнча АКШнын көзүн карап калган Япониянын бутуна туруп кетүүсүнө 20 жыл жетиштүү болгон. Согуш бүткөнү менен япондорго дүйнөлүк биринчилик үчүн күрөш башталган. Окуучу окутуучусунан озуп, 1987-жылы Япония адам башына карата ИДПнын көрсөткүчү боюнча АКШны артта калтырган. «Самурай улуту» деп атыгуудан баш тарткан япондор азыр «же сат, же өл» деген принцип менен дүйнөлүк рынокто позициясын сактап келе жатат.

КЫЗЫКТУУ 7 ФАКТ

  1. Япония ички дүң өнүмү, өнөр жай өндүрүшү боюнча дүйнөдө АКШ жана Кытайдан кийинки 3-орунда турат.
  2. Өз жанын кыйгандардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы катарда. Жылына 30 миңдей киши ажалын күтпөй, о дүйнөгө узайт.
  3. Энергетикалык жана табигый ресурстарга жарды. Нефть, газ, металл, текстиль дээрлик 100 пайызга чет жерден сатылып алынат.
  4. Башка өлкөдөн келип иштегендер жокко эсе. Японияда мигрантка өтө аз айлык төлөөчү мыйзам бар.
  5. Жаш балдардын өлүмү эң аз катталган жана калкы эң узак жашаган өлкө. Эркектер орточо 79 жаш, аялдар 86 жашка чейин өмүр сүрүшөт.
  6. Токио – дүйнөдөгү эң коопсуз шаар. 6 жаштагы балдар өз алдынча коомдук транспортто жүрө беришет.
  7. Бир гана Японияда поезддердин кечигүүсү 1 мүнөттөн ары эсептелет. Анын себеби – темир жолго өзүн таштап жиберген адамдын өлүмү гана болушу мүмкүн.

Эльвира Караева[email protected]

www.super.kg

“Терроризм” деген эмне? | БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Терроризм – бул, саясий жана экономикалык максаттарга мыйзамсыз жолдор менен жетүүгө аракет жасоо. Терроризмдин негизги максаты – кандайдыр бир чакырыкка же болбосо саясий келишпөөчүлүккө коомдун көңүлүн буруу, башкача айтканда, саясий бийликке таасир көрсөтүү жана коомду коркутуу. Учурда, терроризмдин стратегиясы өнүккөн доорго жана социо-экономикалык түзүлүшкө жараша бир топ өнүгүп, улам барган сайын кеңири аймакты камтууга умтулууда. Дүйнөнүн бүгүнкү күндөгү бет алган багыты экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды тирештирип, таасир талаштырып турат. Ошондон улам, «бөлүп ал да башкара бер» же болбосо «өзүңдүн кызыкчылыгыңа зыяны тийбегидей төмөн деңгээлде карма» деген позицияны карманган айрым блоктордун же болбосо ири державалардын диний, этникалык, рассалык багыттагы ар түрдүү маселелерди, социо-экономикалык жакырчылыкты терроризмге жем катары пайдаланганын көрүүгө болот. Мындай нерсе абалды табийгый жана жасалма жол менен чыңалтып, терроризмдин жаралуусуна себеп жаратат.

Террордун себептери:

Терроризмдин пайда болуусунун бир нече себептери бар. Дүйнө өлкөлөрүнө көз жүгүртө турган болсок, терроризмге төмөнкүдөй себептер шыкак болгонун баамдайбыз: 1.Жакырчылык жана теңсиздик; 2.Сабатсыздык жана караңгылык; 3.Чөйрөнүн терс таасири; 4.Өкмөттүн күчсүздүгү, бийликтин укугунун чектелүү болушу; 5.Бийликтеги кызыкчылык; 6.Үй-бүлөдөгү жана билим берүү тармагындагы тарбиянын жетишсиздиги; 7.Сырткы таасирлер.

Терроризмдин каржылык булактары:

Терроризм өзүнүн финансылык муктаждыгын көбүнесе мыйзамсыз иш аракеттерди жасоо жана сырткы колдоолор аркылуу камсыздайт. 1.Сырткы жардамдар; 2.Нарко бизнес; 3.Адам сатуу жана контрабандалык аракеттер; 4.Салык салуу; 5.Ири өлчөмдөгү каракчылык; 6.Милдеттүү түрдөгү жана өз каалоосу менен көрсөтүлгөн жардамдар. Терроризмдин түрлөрү

1.Мамлекеттик террор

Өзүнүн үстөмдүк кылган саясий режимин сактап калуу же болбосо улантуу максатында түздөн түз же атайын бир топторду пайдалануу менен укуктук ченемдерден тышкары өз жарандарын коркутуу, кыйноо, атуу, саясий атаандаштарынын көзүн тазалатуу сыяктуу оор кылмыштар «мамлекеттик террор» деп аталат. Бир мамлекет башка бир мамлекеттин стратегиялык артыкчылыктарын өзүнө каратуу же андан көбүрөөк пайдалануу үчүн эч себепсиз согуш ачса дүйнөнүн сынына кабылары турган иш. Ошол себептен, түздөн-түз эл аралык терроризмди пайдаланышы мүмкүн. Бул ишти өзүнүн расмий мекемеси же расмий кызмат адамдары аркылуу ишке ашырса, анда бул аракет «мамлекеттик терроризм» деп аталат. Кээде мамлекет түздөн-түз террористтик аракеттерди жасабашы мүмкүн. Бирок, расмий кызыкчылыгына жетүү үчүн террористтик топторго акча, билим, курал, жардыруучу заттар, жашыруун маалымат, жашырынууга жай, байланыш каражаттары, паспорт, документ жана башка логистикалык колдоолорду бериши мүмкүн. Мындан сырткары, мамлекет өзүнүн алсыздыгынан же орток кызыкчылыктарынан улам өлкө ичиндеги террористтик топторго кайдыгер мамиле кылып, көз жумуп коюшу мүмкүн. Дүйнөлүк тарыхта мамлекеттик терроризмдин мындан башка дагы түрлөрү бар. Бирок, мындай аракеттердин анык жүзү же чындык тарабы көбүнесе көмүскөдө калып, мамлекет кандай кааласа, массалык маалымат каражаттарынан (ММК) ошондой маалымат берилет.

2.Этникалык, улутчулдук террор

Белгилүү бир этникалык топтордун мамлекеттик мыйзамда көрсөтүлгөндөн ашыкча укуктарды талап кылып, же адилетсиздикти токтотууну шылтоо кылып, же мамлекеттик саясатка каршы чыгып, бийликти тааныбай, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип, өз алдынча мамлекет куруу максатында жасалган катаал, ырайымсыз аракеттери «этникалык терроризм» деп аталат. «Этникалык терроризм» статусу ыйгарылган террордук окуялар 1900-жылдын экинчи жарымынан баштап дүйнөгө өтө тездик менен тараган. Бул жерде статистикалык көрсөткүч да маанилүү роль ойнойт. Алсак, этникалык топтун 3000 адамынын үч пайызы гана куралдуу кагылышууну же катаал жол менен күрөшүүнү талап кылып жаткан болсо гана алардын аракети террор деп эсептелет.

3.Диний, радикалдык террор

Дүйнөдөгү эч кайсы дин терроризмди жана ырайымсыз кыйноолорду жактабайт. Тилекке каршы, күнүмдүк турмуштун тилинде, илимий тилде же болбосо ММКнын тилинде «диний терроризм» деген сөз атайын термин катары колдонулуп, айрыкча бул сөздүн Ислам динине таңууланып жатышы өкүндүрбөй койбойт. Ачыгын айтканда, учурда дин бүт дүйнөдө саясий, идеологиялык же болбосо башка кызыкчылыктар үчүн пайдаланылып жатат. Илимий өңүттөн караганда диний терроризм төмөнкү 4 себептен улам пайда болууда:
  1. Бийлик тарабынан шыкакталган диний террор. Бул айрым бир адамдардын, топтордун, мамлекеттин же мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоодо же болбосо жаңы кызыкчылыктардан улам чыккан чыр-чатактарга башкача түс берүү үчүн атайылап уюштурулган кутум. Экинчи түрү – этникалык, диний же улуттук кызыкчылыкты колдонуп ашкере адилетсиздик жана ырайымсыздык кылуу. Тарыхтагы кресттүүлөрдүн жүрүшү мунун эң айкын мисалы болуп саналат;
  2. Диний башкаруу тарабынан көрсөтүлгөн катаал мамиле;
  3. Мазхабдардын ортосундагы келишпөөчүлүктөн улам чыккан чыр-чатактар;
  4. Саясий кызыкчылык үчүн чоң державалардын динди пайдалануусу.
Этникалык, улутчулдук террордон динге таңууланган террордун айырмасы – аны аткаруучу адамдагы агрессивдүүлүк, берилгендик жана өч алуу сезими. Ошондой эле, диний сабатсыздыктан улам «ушуларды жардырсаң, ушуну өлтүрсөң түз эле бейишке барасың» деген сөздөргө алданып калышы. Мындай ыкманы тарыхта кресттүүлөрдүн жүрүшүндө чиркөөлөр колдонгон болсо, тилекке каршы, бүгүн сабатсыз мусулмандарга карата колдонулуп жатат.

4.Кибер террор

1990-жылдарда интернеттик технологиянын өтө ылдам өнүгүүсүнүн натыйжасында «кибер террор» деген сөз пайда болгон. АКШнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жарыяланган рапортто: «Эртеңкинин террористи клавиатуранын бир тушун басуу менен чоң бомбаны жаргандан да  олуттуу зыяндарды жаратышы мүмкүн» деп айтылат. Террордун бул түрү интернетке байланышкан компьютер аркылуу банк эсептериндеги акчаны башка жакка которуп алуу, системадагы жашыруун маалыматтарды уурдап алуу, жана албетте бомбаны компьютер менен башкарып талкалоо өңдүү коркунучтуу зыяндарды келтирет.

5.Деңиз каракчылыгы жана зыянкечтиги

Деңиздеги террордун негизги себептеринин бири карактоого дуушар болгон мамлекетти же уюмду экономикалык жактан алсыратуу болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөрдө жүктөр көбүнчө деңиз жолу менен ташылат. Ошол себептен, атаандаштыктан же кызыкчылыктардан улам көп мамлекеттер террордун бул түрүнөн жапа чегип келишет.

Сөз соңу

Терроризмдин тийиштүү маселеге жана анын баалуулугуна жараша түрдүү аныктамалары бар. Террор – коркутуу аракети. Террор – психологиялык согуштагы таасир этүү аракети. Терроризм – коомдорго багыт берүүчүлөрдүн таасирлүү куралы. Терроризм – психологиялык согуштун бир ыкмасы катары элдердин, коомдордун аң-сезимин бурмалап, жүрөгүнүн үшүн алып, андан соң каалаган багытка жетелөөнү максат кылат. Терроризм – коркутуу, жек көрүү, өч алуу сезимдерин дүйнөгө жаюу менен катар көшөгө артындагы көп акыйкаттардын үстүн жаап жашырып келген, жана ал багытталган тараптын гана эмес, аны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткан тарап үчүн да өтө кооптуу жана коркунучтуу болгон илдет.

Акылбек Халбеков

December 17, 2015 at 07:54AM

formulasy.blogspot.ru


Смотрите также